"Чек сура" - көмүскө экономикадагы жүгүртүлүп жаткан акчаларды ачыктайт

Биз Кырдаалдык борборду түздүк. Бүт республика боюнча мүмкүн болгон жерлерге камераларды орнотуп, системага кошуп, кырдаалды азыркы сааттагы реалдуу режимде көрүп турабыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан боюнча 2021-жылы 23 740 ККМ иштеп жаткан, бирок системага кирген эмес. Быйыл 18-ноябрга карата 58 766 ККМ аппарат ушул картага кирди. 2021-жылдагы выручка 700 млрд сомду түзсө, 2022-жылдын он айда 1,4 трлнду түзгөн.

"Лион" дүкөнүн көрөлү: 20-ноябрда 2,3 млн сом, 21-ноябрда 1,4 млн сом чек басты. Жылдын аягында тапкан пайдасы чыгат.

ККМди колдонуу боюнча стимул берүү үчүн лоторея өткөрүп жатабыз. "Чек сура" лотереясына 149 698 адам катышып, 14,7 млрд сом суммага чекти сканерден өткөрдү.

Бул көмүскө экономикадагы жүгүртүлүп жаткан акчаларды ачыктоонун механизми. Ошондуктан баарыңыздарды ККМ чек талап кылууга чакырам", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД