Баткенде жоокерлерге жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчыларына жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 25-ноябрь күнү Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Баткен шаарындагы 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчыларына жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чара учурунда ЖККК кызматкерлери аскер кызматчыларына жолдо жүрүү эрежелерин так сактоого чакырып, автоунаа башкарган аскер кызматчыларынын тиешелүү документтерин тактап алып жүрүүлөрүн эскертип өтүштү.

Акыркы учурларда өлкө аймагында аскер кызматчыларынын арасында катталып жаткан жол кырсыктарын алдын алуу үчүн өтүп жаткандыгын белгилейбиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД