Баткендин чек арага жакын айылда аткезчилик менен алектенген жаран кармалды

Баткен районундагы чек арага жакын айылда аткезчилик менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен РИИБдин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери 25-ноябрь күнү саат 10:30 чамасында Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылынан чыгып келе жаткан "БМВ-520" үлгүсүндөгү унааны текшерүү максатында токтотууга аракет жасашкан. Бирок милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбестен, унааны токтотпостон айдоочу качып, Баткен шаарынын аймагынан кармалган. Андан соң унаасы Баткен РИИБдин короосуна киргизилген.

Унааны текшерген учурда 6 чоң капка салынган ар биринде 500 даанадан жалпы 3000 күнүмдүк турмушта керектелүүчү каптар табылган. Бул каптарды каяктан чыккандыгын сураган учурда коңшулаш Тажикстандан чыккандыгын айтып, аткезчилик жол менен алып келгенин билдирген. Айдоочунун өздүгүн тактоо учурунда ал Баткен районунун тургуну 1983-жылы туулган Н.Ж. экени аныкталды.

Аталган факт Баткен РИИБде катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД