Укук коргоочу Азиза Абдрасулова 3 миң сом айыпка жыгылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Азиза Абдрасулова Кылмыш-жаза кодексинин "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренеси боюнча козголгон административдик иш боюнча күнөөлүү деп табылды.
Эске салсак, 15-ноябрда митингге бара жатканда Азиза Абдрасулова укук коргоочулар тарабынан кармалган.