Жалал-Абадда эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды

Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңгизат тобунун мүчөлөрү, Өзбекстандын жараны Х.Ш.Ш. жана Кыргызстандын жараны П.О.А. кармалды.

Атап айтканда, Өзбекстандын аймагына КР жараны, Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Арал айылынын жашоочусу П.О.А. аркылуу баңги затын ташууга аракет кылган, жалпы салмагы 2 кг 300 гр болгон "чарс" баңги затын алып жаткан жеринен, Жалал-Абад шаарынын Ленин-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Токтогул" атындагы парктын жанынан Анжиян облусунун тургуну 1988-жылы туулган "Х.Ш.Ш." кармалды.

Жүзүлгѳн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган П.О.А. Жалал-Абад шаарындагы автобекеттин жанынан кармалып, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө бөлүмүнө алынып келинген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД