
Кытайда эки күндөн бери COVID-19 жугузуу учурлары кескин өсүүдө. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кытайда бир суткада коронавируска чалдыккандардын рекорддук саны аныкталды, бул дээрлик 33 миң адам.
Жаңы учурлардын көбү Гуанчжоуда аныкталган, бул шаарда учурда 80 миң орундуу карантиндик борбор курулуп жатат.
ТАСС агенттиги маалымдагандай, инфекциянын жаңы учурларынын 90%дан ашыгынын белгилери билинбейт. Бейтаптардын басымдуу көпчүлүгү инфекцияны өлкө ичинен жугузгандар.
Көптөгөн аймактарда тургундарга байланышты чектеп, зарылдык болбосо үйлөрүнөн ашыкча чыкпоо сунушталууда.
Эске салсак, буга чейин Кытайда инфекциянын максималдуу өсүшү - 29 411 учур 14-апрелде катталган.