Белгилүү ырчы Малик Аликеев элге концерт тартууламакчы

Кыргыз маданиятына чоң салым кошкон инсандардын бири, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ырчы, "Мөлмөлүм" баштаган ырларды жогорку деңгээлдеги чеберчилик менен элибизге тартуулап келген ырчы Малик Аликеев 4-декабрда "Өмүр жөнүндө ой толгоо" аттуу концертин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрөт.

Бейиш эненин таман алдында. Ыңаалатып жарык дүйнөгө алып келип, элине өнөрү менен жаккан, аз жылдар ортодо ден соолук айынан тыным алып калган уулунун саламаттыгын сакайтып, өнөр сересине алып чыккан Малик Аликеевдин 90 жаштагы энеси да бул концертте ырдайт.

Кыскасы, 4-декабрда Борбор калаабызда "МӨЛМӨЛҮМ" 90 жаштагы эне оозунан кайрадан төрөлөт. Кубулжуган үнү менен керемет ырларды ырдап, калың элдин сүйүктүү ырчысына айланган Малик Аликеевдин 4-декабрда өтүүчү ыр кечесине чакырабыз!

Кайталангыс, концерт көрүп, жарпыңыздарды жазып кетиңиздер!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД