УКМК Чыңгыз Айдарбековдун кармалганы тууралуу маалыматты төгүндөдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбековдун кармалганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Атайын кызмат Айдарбеков эч кандай суракка алынбаганын билдирди. УКМКнын маалыматына ылайык, депутат учурда Казакстандын аймагында.

Чыңгыз Айдарбеков жана анын партиялашы Эмил Жамгырчиев 26-ноябрда Казакстанга бара жатканда "Ак-Жол" өткөрмө бекетинен Жамгырчиевди өткөрбөй коюшканы, аны УКМК кызматкерлери алып кеткени тууралуу маалымат тараган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД