Баткенде майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

Баткендин бийлиги майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизди.

Маалыматтарга караганда, мындай чектөө 2023-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Мындай чечим кабыл алууга сентябрда чек ара окуясында 63 адам каза болуп, 200 дөн ашык киши жаракат алганы себеп болгону белгиленген.

Чектөө жаңы жыл, 8-март аялдардын эл аралык күнү, Нооруз, акыркы коңгуроо, балдарды коргоо күнү, Жеңиш күнү, Эгемендүүлүк күнү жана башка кесиптик майрамдардын баарына тиешелүү болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД