Бир нече фармацевтикалык компания коррупциялык иштерге шектелүүдө

Бир катар фармацевтикалык компанияларга жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти коррупциялык иштер боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, бул иш боюнча тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдерди табуу жана тийиштүү түрдө эсепке алуу максатында "М-РАЙН" жоопкерчилиги чектелген коомунун кампаларында издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында ири көлөмдөгү дары-дармектер табылып, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн "М-РАЙН" ишканасынын сактоочу жайына мөөр басылган.

Учурда бул иштин алкагында тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД