МАИчилер Бишкектеги троллейбус айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери коомдук транспорттор менен болгон жол кырсыктарынын алдын алуу багытында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалпы республика боюнча жол унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында бүгүн эрте менен Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү Бишкек троллейбус башкармалыгына барып, айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен текшерүүгө алышты.

Текшерүүнүн алкагында техникалык жабдыктарынын абалы, айрыкча жүргүнчүлөрдүн жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коопсуздугу үчүн, алардын коляска менен троллейбуска чыгуу жана түшүү үчүн орнотулган пандустардын иштеп жаткандыгына басым жасалды.

Жыйынтыгында, жалпысынан техникалык бузууларга жол бергендиги үчүн, тралейбус башкармалыгынын механиктерине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 182-беренесинин 1 жана 7-бөлүмдөрүнө ылайык, 32 500 сом айып салынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД