Таласта баңгизат сактап жүргөн деп 60 жаштагы жаран кармалды

Таласта баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине Талас шаарында жаран өзүнүн үйүндө баңгизатын сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

Үйдө тинтүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө 5 литрлик бөтөлкөгө жана башкага салынган марихуанадай кескин жыты бар кочкул-жашыл түстөгү жалпы салмагы 10 кг 605 грамм болгон зат табылган.

Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Талас районунун 1962-жылы туулган жашоочусу Ж.А. кармалды. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД