Жалал-Абад облусунун беш районуна 8 экскаватор тапшырылды

"Айылдарды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу" долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы долбоорго кирген айыл аймактарга атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында эл аралык финансылык уюмдар менен биргеликте, айыл аймактарды таза суу менен камсыз кылуу максатында бир катар долбоорлор ишке ашып келет.

Аталган долбоордо Жалал-Абад облусундагы 25 айылдын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуунун жеткиликтүүлүгү жана сапатын жакшыртуу аракеттери каралган. Аны менен катар суу системаларын реконструкциялоо жумуштары да аткарылууда.

Мында негизги финансылык өнөктөш Ислам өнүктүрүү банкы болуп саналат. Бүгүн долбоордун алкагында суу менен камсыз кылуу системаларын жакшыртуу үчүн облустун Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Сузак жана Токтогул райондоруна 8 даана атайын техникалар (экскаватор) тапшырды.

Иш-чарага президентинин өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, жыл аягына чейин облустагы 22 айылды таза суу менен камсыздоо иштери аягына чыгаарын билдирди. Алынган атайын техникалар айылдарга таза суу жеткирүү, оңдоп-түзөө жумуштарын өз убагында аткарууга жардамы чоң болоорун кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД