Таласта "Уурулук" рейдинин жүрүшүндө издөөдө жүргөн жаран кармалды

"Уурулук" рейддин жүрүшүндө Манас районунда уурулук үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Уурулук" аталыштагы рейдге Талас ОИИБден жана ШРИИБден жалпы 144 кызматкер бөлүнүп, иш алып барышты.

Рейдтин жүрүшүндө уурулук боюнча алдын алуу иш-чаралар жүргүзүлүп, тийиштүү тапшырмалар коюлуп, областтын аймагында жайгашкан күрөөкана, уюлдук телефон сатып алган жайлар жана мал союлуучу, тери алуучу, эт сатуучу жайлар текшерилип, алар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Мындан тышкары фасоль алган кампалардын ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, уурулуктун алдын алуу максатында видео камераларды орнотуу үчүн милдеттендирилди.

Рейд учурунда кызматкерлер тарабынан мурда болгон 9 кылмыштын бети ачылды.

Алардын бири Манас районунда август айында катталган уурулук фактысы. Манас районунун Покровка айылында жайгашкан "Сезим" дүкөнүнөн, терезесин сындыруу жолу менен жалпы 15 миң сомду түзгөн товарларын жана 8 миң сом акчасын белгисиз жарандар уурдап кеткендиги тууралуу арыз келип түшкөн. Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын КЖКнын 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Талас ОИИБдин жана Манас РИИБдин кызматкерлеринин бирдиктүү иш алып барусунун негизинде кылмышка шектүү аныкталып, ага карата издөө жарыяланган.

Шектүү Кара-Буура районунун тургуну 1992-ж.т. К.А. кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн жеринен Бишкек шаарынан колго түшүрүлүп, тергөө кызматына тапшырылган. Аталган факты боюнча азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүү Кра-Буура РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД