Улуттук илимдер академиясына жаңы президент шайланды

Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп Канатбек Абдрахматов шайланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушунун жүрүшүндө уюмдун президентин шайлоо өттү. Мыйзамга ылайык, министрлер кабинети Канатбек Эрмекович Абдрахматовдун талапкерлигин сунуштады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча КР Улуттук Илимдер академиясынын президенти болуп Канатбек Абдрахматов шайланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД