Вознесеновкадагы тергөө изоляторунун тургундарына Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган паспорттору берилди. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй областынын Вознесеновка айылындагы №14 мекеменин тергөө абагында кармалган эки жаранга биринчи жолу КР жарандыгын күбөлөндүргөн ID-карталар тапшырылды.
Бул жаштардын жаңы жана маанилүү статуска ээ болушу социалдык кызматкер, и/к лейтенанты Жунушпаева Халима Жакшыбековнанын талыкпаган эмгегинин аркасында ишке ашты.