Баткенде аткезчилик менен дары ташыгандар кармалды

Баткенде аткезчилик менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Баткен районунун аймагынын тургуну 23 жаштагы С. Н. М. жана  Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургуну 51 жаштагы М.Г. Т. улуттар аралык кылмыштуу топ түзүп алып, Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан аймактары аркылуу аткезчилик жолу менен 15040 (он беш мин кырк) даана, жалпы суммасы 6016000 (алты миллион он алты миң) сомдук "Левонекст" левофлоксацин аталышындагы медициналык дарыларды Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттик чек аралары эки тараптуу жабык экендигине карабастан, андан жекече пайда көрүү максатын көздөп,  Баткен районунун Чоң-Талаа айылынан Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына жеткизип, андан ары Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынан Өзбекстандын аймагына өткөрүп жүргөн жеринен кармалган.

Андыктан, бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 231-бер. 3-бөл. 5-п. (контрабанда) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД