Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертет: Ашуудан ашууда абайлаңыз. Оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, азыркы учурда кар жаап аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам, жолдор тайгак болуп, жол кырсыктарынын келип чыгуу коркунучу бар болгондуктан, Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын баардык түрүнөө кечээ 18:00дөн тартып, убактылуу чектөө киргизилген. Азыркы учурдагы бул постто 80ден ашуун оор жүк ташуучу унаалар токтоп турат.

Ал эми Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан "Чычкан" жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районун "Арал" постторунда да чектөөлөр киргизилип, 40ка жакын оор жүк ташуучу унаалар токтоп турат.

ЖКККББгы айдайдоочулардан жолдо жүрүү учурунда алдыдагы аралыкты сактап, ылдамдыкты азайтып, туманга каршы фараларды күйгүзүп жүрүү менен дөңгөлөккө оролчу чынжырчаларды алып жүрүүнү эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД