Таласта милиция автомектептердин жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү

Таласта милиция автомектептердин жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас ОИИБдин ЖКККБнын ​ транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо тобунун улук инспектору милициянын майору ​ Субанбеков Кубат жыл башынан бери облуста айдоочуларды окутуп даярдаган окуу жайларды текшерип, алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп жөнгө салууда.

Айдоочуларды даярдоодо алардын лицензияларынын мыйзамдуулугу, талаптарга жооп бериши, тиешелүү деңгээлде окутуусу талдоого алынган. Текшерүүнүн негизинде, Бакай-Ата районунда жайгашкан "Кенч" аталыштагы окутуу мектеби талапка жооп бербегендиги үчүн жабылган. Ар кандай бузуулар үчүн 3 окуу жайга 17 миң сомдон айып пул салынган. Ал эми андан башка 10 окуу жай менен кызматташтык иштери жүрүп жатат. 28-ноябрь күнү Талас шаарындагы Мырзакан Субанов ​ атындагы айдоочуларды даярдоо мектебинде​ ЖКККБнын начальнигинин орун басары милициянын майору Осмонбеков Эдил жана транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо тобунун улук инспектору милициянын майору ​ Субанбеков Кубат Талас облусунда айдоочуларды ​ даярдоочу окуу жайлардын жетекчилери менен чогулуш өткөрүштү. Анда 10 окуу жайдын директорлору, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү жана авто мектептин курсанттары катышышты.

Айдоочулардын билим алуу сапатын жогорулатуу максатында аткарылуучу иштер талкууланып, учурда жол кырсыктарына себеп болгон жагдайлардын арасында айдоочулардын билимсиздиги экендиги айтылды. Милиция кызматкерлери мугалимдерди окуучулардын билим алуусуна заманбап жакшы шарттарды түзүп, жол белгилерин жана эрежелерден тышкары дагы айдоочулук этиканы жакшыртууга ​ көңүл буруу керектигин эскертишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД