Токтогулдан Бишкекке гашиш алып келе жаткан 43 жаштагы жаран кармалды

Токтогул районунда 43 жаштагы жарандан ири өлчөмдөгү гашиш табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Токтогул районунда ыкчам иш-чара өткөрүлдү.

Ыкчам иликтөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Токтогул районунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү "гашиш" баңгизатын сатуу жана ташуу схемасы бар экендиги аныкталган.

БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан, Токтогул районунда баңгизатын Бишкек шаарына алып барып сатууга ниеттенген жүргүнчү олтурган автоунаа токтотулган. Кызматкерлер тарабынан автоунаанын багаж бөлүгүн тинтүү учурунда скотч менен оролгон кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат салынган кара чарчы баштыкча алынган.

Баштыкчаны ачууда 168 даана кочкул-жашыл түстөгү ар кандай формадагы заттар табылып, алар Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын тургуну 43 жаштагы С.Р. аттуу жаранына таандык болгондугу аныкталган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык алынган баңгизаттын жалпы салмагы 1 кг 776 грамм "гашиш" болгон. Кылмышка шектүү С.Р. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД