Бишкекте жолдорго чачуу үчүн атайын туз салынган кутулар орнотулду

Бишкекте жолдорго жана тротуарларга чачуу үчүн атайын туз салынган кутулар орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан шаар боюнча 77 куту орнотулган.

Муниципалитеттен белгилешкендей, учурда шаарды санитардык тазалоо жана катуу таштандыларды чыгаруу үчүн линияда 622 тазалоочу, 200 жүктөгүч жана 98 атайын техника иштеп жатат.

Ошондой эле жолдун жээгиндеги карды тазалоого 35 атайын техника, 2 кар тазалоочу трактор, 4 универсалдуу техника жана жол тейлөө башкармалыгынын 40 кызматкери тартылат.

Белгилей кетсек, жолдорго чачуу үчүн кыш мезгилине 6 миң тонна туз даярдалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД