Бишкек мэриясы айдоочуларды унааларын бактардын алдына токтотпоону өтүнөт

Бишкекте кар аралаш жамгыр жаап, абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу мэрия жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн айдоочуларды унааларын бактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону өтүнөт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуз, анда "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номерлерине жана борбор калаанын мэриясынын колл-борборуна: 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кабарлңыз. Ошондой эле сүрөт жана видео фактыларды 0554 -182-185 номери боюнча жөнөтсөңүз болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД