Ээсинен сатып алып, акчасы берилбей келген унаа кайтарылды

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы тарабынан "Автоураган" аппараттык программалык комплекстин жардамы менен Ош шаарынын аймагынан БМВ-Х5 үлгүсүндөгү автоунаа тартылып алынды.

Бишкек ШИИББы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2022-жылы 10-октябрь күнү Бишкек шаарынын тургуну М.С., арыз менен кайрылган, себеби 2022-жылдын февраль айында өзүнө таандык 2004-жылы чыккан БМВ-Х5 үлгүсүндөгү автоунаасын, белгисиз жарандар 12 миң доллар АКШ каражатына баалашып, унаасын же каражатын бербей качып жүрүшкөн.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" 209-беренеси менен кылмыш иши козголуп издөөгө алынган.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы тарабынан "Автоураган" аппараттык программалык комплекстин жардамы менен катталган айыптарды учурунда төлөбөй жүргөн жана жарандарыбыздын арыздарынын негизинде издөөгө алынган 92 унаа каражаты (Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан 19 унаа, Жалал-Абад шаарынан 29 унаа, Ош шаарынан 44 унаа) атайын айып аянчасына токтотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД