Жазуучуларга жардам. Улуттук жазуучулар союзу марафонго чакырат

Улуттук жазуучулар союзу кыргызстандыктарды марафонго активдүү катышууга чакырат. Иш-чара 2022-жылдын 9-декабрында Улуттук тарых музейинде болот.

Жазуучулар союзунан кабарлашкандай, марафондо чогулган каражат мекеменин "Мамлекеттик имараттар департаментине" болгон бир жарым миллион сомго жакын карызын төлөө үчүн жумшалат. Калган акча жазуучулар союзунун материалдык жана техникалык базасын чыңдоого, улуттук адабиятты колдоого багытталат.

Жазуучулар союзу 1934 - жылы уюшулган. 2004 - жылы "Улуттук" макамына ээ болгон. Ага учурда 600 гө жакын адам мүчөлүк кылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД