Бишкектен Шарм-эль-Шейхке түз авиакаттам ачылды

Египеттин Red Sea Airlines авиакомпаниясы Шарм-эль-Шейх-Бишкек-Шарм-эль-Шейх багыты боюнча чартердик каттамдарды аткара баштады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөрдү Boeing 737-800 учактары 2022-жылдын 30-октябрынан тарта тейлеп келишет.

Айтылган убакыттан бери Шарм-Эль-Шейхке 3 чартердик каттам аткарылып, төртүнчүсү кечээ, 29-ноябрда, аткарылды.

Шарм-эль-Шейх-Бишкек-Шарм-эль-Шейх багыты тууралуу бардык суроолор боюнча авиакомпания менен түз байланышуу сунушталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД