Кыргыз-өзбек чек ара келишимин ратификациялаган мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров "2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимди ратификациялоону сунуштайт.

2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимге кол коюлуп, ага 302,29 км аралыктагы участоктор кирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД