"АвтоУраган" өлкөнүн түштүк аймактарында да иштеп баштады

"АвтоУраган" Кыргызстандын түштүк региондорунда дагы ишке киришти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги "АвтоУраган" аталышындагы Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото-видеого көчүргөн стационардык комплекси иштеп жатат. Кайгуул унаалары республиканын негизги жолдорунда иш алып барууда.

"АвтоУраган" комплекси кайгуул унааларынын үстүнө бекитилип, эки жарым сферадан турат, алардын ар биринде панорамалык камера жана аппараттын борборунда айланадагы кырдаалды көчүргөн радар орнотулган.

Тутумдун дизайны унаанын 360 градус айланасындагы жолдордун абалын көчүрүп алууга мүмкүнчүлүк берет.

Эскерткич камералар стационардык жана мобилдик фото-видео байланыш тутумдарынын мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырып, башкача айтканда, кичинекей унаа токтоочу жайлардан көп тилкелүү унаа жолдоруна чейин толугу менен камтый алат. Камерадан алынган сүрөт кайгуул унаасынын ичинде орнотулган инспекторлор көзөмөлдөп туруучу экранына берилет.

"АвтоУраган" автоматтык видео көзөмөлдөө тутуму Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды жана издөө иш-чараларын көчүрүү үчүн арналган. Ошондой эле бардык климаттык чөлкөмдө, жолдордо жана кесилиштерде автотрафикти көзөмөлдөө үчүн активдүү колдонулуп келүүдө.

2022-жылдын 25-апрелинен 29-ноябрына чейин "АвтоУраган" системасынын ишмердүүлүгүнүн негизинде жалпысынан 4231 жол коопсуздуугна байланыштуу тартип бузуулар аныкталды. Жалпы жонунан 2578 автоунаа атайын унааларды токтоотуучу жайларга киргизилип, 37 238 800 сом айып пул төлөнгөн.

"АвтоУраган" Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды токтотуу жана жол унаа кырсыктарынын санын азайтуу үчүн натыйжалуу каражат болуп саналат.

"АвтоУраган" төмөнкү уникалдуу мүнөздөмөлөргө ээ:

•унаалардын номурларынын белгилерин тактап билүү;

•кир болуп калган же катуу жабыркаган номурдун белгилерин жогорку деңгээлде таза таануу;

•бардык климаттык чөлкөмдө күнү-түнү автотрафикти туруктуу көзөмөлдөө;

•иштеп жаткан комплекс радардетекторлор тарабынан аныкталбайт;

•эреже бузуунун ылдамдык режиминен ашып кетүүнү гана эмес,

башка бузууларын дагы аныктоо;

•маалыматтар базасы боюнча автоматтык издөө жүргүзөт;

•комплекстин программалык модулдары башка фото-видео жазуу тутумдарын да таануу менен айырмаланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД