Москвада OZON компаниясында иштеген 8 кыргыз жараны ооруканага түштү

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва областындагы OZON компаниясынын кампасында иштеген КР жарандарынын менингит менен жапырт ооруп жатканы боюнча окуяга байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет:

Алынган маалымат боюнча, Истра аймактык клиникалык ооруканасына КРнын 3 жараны жана Красногорск шаардык №1 ооруканасына 5 жаран жаткырылган. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Учурда Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, оорулуулардан тиешелүү анализдер алынууда.

"Аталган жерге барган элчиликтин кызматкери OZON компаниясынын, Роспотребнадзордун жана медициналык мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушту", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган маселе элчиликтин көзөмөлүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД