"АвтоУраган". Ошто 105 автоунаа убактылуу айып аянтчасына киргизилди

"АвтоУраган" Ош шаарында. 105 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирити.

Маалыматка караганда, Ош шаарында иштеп жаткан Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын "Автоураган" аппараттык программалык комплекси 2 күн аралыгында жарандарыбыздын арыздарынын негизинде издөөдө жүргөн жана айып пулдарды өз убагында төлөбөгөн 105 авто унааны аныктап, убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизишти.

Алардын ичинен :

-Мыйзамдуу катталган авто унаа ээсинин дарегинен убактылуу токтотулгандыгы үчүн 36 авто унаа.

-Айып пулдарын өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 52 авто унаа.

-Соттун чечими менен издөөдө жүргөндүгү үчүн 15 авто унаа.

-Алдамчылык жолу менен издөөдө жүргөндүгү үчүн 2 авто унаа.

"Автоураган" аппараттык программалык комплекси андан ары шаардан сырткары Ош облусунун аймагында да жол кырсыктарынын алдын алуу издөөдө жана айып пулдарын өз убагында толөбөгөн, жасалма мамлекеттик номур менен айдап жүргөн авто унааларды аныктоо боюнча иш алып барат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД