Улуттук банк быйыл кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркаган насыясы бар жарандардан карыздарын кечүү боюнча 474 арыз келип түшкөнүн билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунун чек ара чырынан жабыркаган тургундарынын 19 миллион 538 миң сомдук 287 насыясы кечилсе, 36 миллион 487 миң сомдук 155 насыя реструктуризацияланды.
Улуттук банктан кошумчалашкандай, каржы-насыя уюмдары келген бардык арыздарды карап жатат жана тиешелүү чараларды көрөт.
Быйыл 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.