Жалал-Абад шаарында сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүүдө

Кечээ, 30-ноябрда Жалал-Абад шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун дарыгерлери шаардык мэриянын кызматкерлерине сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүштү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, мындай эмдөө шаардагы бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда да жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо кызматкерлери эмдөө жүргүзүүнүн негизги максаты жамааттык иммунитетти күчөтүү экенин белгилешет.

Белгилей кетсек, эмдөө акысыз жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД