
Кадамжайда милициянын көчмө кабылдамасы базардагы элдер менен жолукту. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин милиция кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасынын түзүлгөн графигинин негизинде Торговый базарын кыдырып, элдер менен жолугушту.
Жолугушууда батир уурулуктардын алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө максатында элдер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жарандар тарабынан берилген арыз-кайрылууларды жеринде чечкенге аракеттер көрүлдү.
Бул жолугушууда жалпысынан 14 атуул кайрылып, 2 жаранга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулуп, чара көрүү үчүн жергиликтүү милицияга жөнөтүлдү.