
Айдоочуларга эскертүү! Аба-ырайына байланыштуу "Сосновка" көзөмөл өткөрмө жайында жүк ташучу жана дөңгөлөктөрү кышкы мезгилге алмаштырылбаган авто унаалардын жүрүү кыймылына чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, азыркы учурда Бишкек - Ош унаа жолдорунда каардын калың жаап жаткандыгына байланыштуу Төө ашууда ,127-128 чакырымдагы жолдордо жол тыгындары орун алууда. Ошого байланыштуу "Сосновка" , "Чычкан" көзөмөл өткөрмө жайларында жана Ала-Бел ашуусунда жук ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Азыркы учурда Төө ашууда ӨКМка жана ЖКККББнын кызматкерлери жолдордуу атайын техникалык каражаттар менен сүрүп тазалоо жана каарды эритүүчү кум туз өңдүү инерттик каражаттарды себүү иштерин жүргүзүүдө.
ЖКККББгы жарандардан зарылчылык болбосо, алыс жолго чыкпай турууга жана авто унаа каражаттардын техникалык абалына өзгөчө көңүл бурууга чакырат.