Баткенде милиция шаардын борборундагы тыгындарды жоюу иштерин жүргүзүүдө

Баткен шаарында милиция кызматкерлери көзөмөлдү күчөтүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен шаарынын ички жолдору тардыгы, ошондой эле борбордук "Айдарали" базарынын айланасындагы жол тыгындарын иретке келтирүү максатында Баткен ШИИБдин кызматкерлери элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Айрым бир айдоочулар айдаган унааларын мыйзамсыз жерлерге токтотуп, жол тыгындарын пайда кылууда, ошондой эле жол четине товарларын өз билемдик менен жайып алып сатуучуларга жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратууда.

Милиция кызматкерлери М.Нургазыев, М.Салихов, Т.Садыков жана Сайдиман-Ажы көчөлөрүндө укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бир күндүк иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын укук бузуу кодексинин негизинде 18 жаранга протоколдор толтурулуп, 24000сом айып пул салынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД