Куткаруучулар Токтогулда карга тыгылып калган жүк ташуучу унааны чыгарышты

Куткаруучулар Токтогулда карга тыгылып калган жүк ташуучу унааны чыгарды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек - Ош унаа жолунун 210-чакырымында DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, карга тыгылып калган. Жерине ӨКМден 3 куткаруучу, КамАЗ унаасы жана 1 жүктөгүч тартылып, жүк ташуучу унаа сүйрөтүп чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД