
Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чаралар бир эле учурда эки мекеме өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча биргелешкен программасы планетанын бардык элдерин бул оорудан жабыркагандарды колдоо үчүн биригүүгө чакырат.
Психоактивдүү заттарга көз каранды болгон соттолгондор үчүн "Атлантис" реабилитациялык борбору, Степное айылындагы №2- мекеменин Реабилитация жана социалдык адаптация борбору ("Таза аймак" ЦРСА) да четте калган жок. Адистер аялдар колониясындагы аялдар үчүн "ВИЧ/СПИДдин тарыхы" жана "ВИЧ/СПИД жөнүндө туура жана позитивдүү маалымат" деген темаларда тренингдерди өткөрүштү. Андан соң 1-декабрга карата атайын тартылган плакаттар жана тарбиялык маанидеги театралдаштырылган көрүнүштөр менен концерт тартууланды.
Сокулук районундагы No 8 мекемеде - Ден соолукта болуу – эң сонун! деген ураандын алдында акция болуп өттү. "Атлантис" реобилитациялык борборунун жана медициналык бөлүмдүн кызматкерлери ВИЧ/СПИДди алдын алуу боюнча лекцияларды окуп, алдын алуу жана коргонуу ыкмалары жөнүндө айтып беришти. ВИЧ инфекциясынын бар-жогуна көрсөтмөлүү экспресс-тест өткөрүштү.
Соттолгондор мыкты дубал гезиттин сынагына активдүү катышып, кроссворддорду чечишти, бардык муктаж болгондорго жардам берүүнүн маанилүүлүгү тууралуу өз ойлорун айтышты. Ар бир катышуучу СПИДди сакайтуучу даарынын тез өнүгүшүнө үмүт кылып символ катары жана ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адамдарды дискриминациялоого жана социалдык жактан четтетүүгө каршы нааразылык белгиси катары атайын стендге өздөрүнүн "Кызыл тасмасын" жабыштырышты. Иш-чаранын соңунда активисттерге ыраазычылык айтылып, грамоталар тапшырылды.