Жалал-Абадда мектепке барбай, унаа базарда иштеп жүргөн 21 бала аныкталды

Жалал-Абадда "Эмгек жана өспүрүм" аталышындагы рейд жүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында сабак учурунда мектепке барбай, автоунаа жууган, машина базардын ичинде соода-сатык менен алектенген, автоунаалардын маалыматы камтылган кагаздарды саткандар текшерилди.

Рейддин жүрүшүндө 21 бала мектепке барбай, машина базарда иштеп жүргөндүгү аныкталып, мектеп директорлоруна сунуштар жөнөтүлдү. Алардын ата-энелери чакыртылып, балдарын сабактан калтырбоо керектиги эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аныкталган өспүрүмдөрдүн ичинен 7 окуучу Сузак районунан келишкендиги такталды.

Белгилей кетсек, рейд Жалал-Абад шаардык милициясынын Балдар иштери боюнча инспекциясы, прокуратура, социалдык адистер тарабынан жүргүзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД