Кара-Балтада бир жаранды башка атып кетишти

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, сөөк табылганы тууралуу билдирүү кечээ, 1-декабрда таңкы саат 7:48де түшкөн.

Маркумдун өздүгү такталып, ал 49 жаштагы Х.И. аттуу адам экени белгилүү болду.

Милиция билдиргендей, маркумдун башына атып кетишкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертиза дайындалды. Учурда ыкчам издөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД