
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы оң рулдуу авто унаалар боюнча түшүндүрмө берди.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан басма сөз кызматынан билдиришкендей, өлкө аймагында катталган өтө оор (5 же андан көп жаран каза болуп, 10 же андан ашык жаран жаракат алган учурда) жол кырсыктарынын 60 пайыздан ашууну оң рулдуу авто унаалар түзүүдө.
Кыргыз Ресбупликасындагы жол кыймылынын транспорт каражаттарынын жүрүү тартиби оң тараптуу болгондуктан, оң рульдуу транспорт каржаттары жолдун сол тарабына ылайыкташтырылгандыктан, бир багыттагы авто унаадан ашып өтүүдө каршы келе жаткан транспорт каражаттарды көрбөй, маневр жасоодо, тоскоолдуктар жаралып өтө оор жол кырсыктарына кезиккен фактылар катталууда. Оң рулдуу унаалардын фаралары заводтон сол тараптуу жолго ынгайлаштырылып жасалгандыктан, түнкүсүн каршы келе жаткан транспорт каражатына өзгөчө тоскоолдуктарды жаратат.
Демек, анализ көрсөтуп тургандай, оң рулдуу авто унаалар Кыргыз Республикасынын транспорт жолдорунда жүрүүгө ыңгайлашкен эмес. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамынын 21-беренесинин 6-бөлүмүнө ылайык, оң рульдуу авто унааларды Кыргыз Республикасынын аймагына каттоого жана эксплатациялоого тыю салынган.
Ал эми Абхазия өңдүү өлкөлөрдүн авто унаалары Кыргызстанга киргени менен алты айдан кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш. Азыркы учурда бул багыттагы Бажы кызматы тарабынан мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш, маселелер каралууда.
Урматтуу жарандар жогорудагы келтирилген статистикалык мисалдарды жана укуктук ченемдик актыларды эске алып, түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз.