
Кызыл-Кыя шаарында "Зомбулукка каршыбыз!" урааны астында окуучулардын жөө жүрүшү өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 2-декабрь күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жашы жете электерге карата жасалган зомбулукту алдын алуу максатында "Зомбулукка каршыбыз!" урааны астында окуучулардын жөө жүрүшү болуп өттү. Жөө жүрүш учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери окуучулардын жолдогу коопсуздугун камсыздашып, коштоп жүрүштү.