
Бүгүн, 2-декабрь күнү саат 9:30дан баштап Сосновка пунктунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолдорунда кардын калың жаап жаткандыгына байланыштуу Төө-Ашуунун 127-128-чакырымдарында жол тыгындары орун алган. Ага байланыштуу Сосновка , Чычкан жайларында жана Ала-Бел ашуусунда жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилген.
Кызматкерлер жолдорду атайын техникалык каражаттар менен сүрүп тазалоо жана карды эритүүчү туз өңдүү инерттик каражаттарды себүү иштерин жүргүзүүдө.