
31-декабрга чейин Бишкектин бир катар жерлеринде митинг уюштурууга тыюу салынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарып, аталган райондун акимчилигинин арызын канааттандырды.
Натыйжада төмөнкү жерлерде митинг өткөрүүгө тыюу салынды:
Эркиндик бульварында (Линейный көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү);
"Ала-Too" аянты;
Эркиндик бульварынын Түгөлбай-Ата көчөсүнөн (мурдагы Линейный көчөсү) Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Жогорку Кеңештин айланасында;
Президенттин администрациясынын тегерегинде;
Жогорку Соттун жанында;
Россия элчилигинин алдында;
УКМКнын имаратынын алдында.
Бул чектөө "Ала-Тоо" аянтында өткөрүүлүчү мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешелүү эмес.