Салык кызматы "Кылым шамындагы" текшерүү мыйзамга ылайык болгонун билдирди

Мамлекеттик салык кызматы социалдык тармактарда жана интернет-басылмаларда жарыяланган "Кылым Шамы" коомдук фондунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулованын фондду салыктык текшерүү боюнча комментарийине карата төмөнкүлөрдү билдирди:

-Ленин району боюнча салык органы "Кылым шамындагы" салыктык текшерүүнү салык мыйзамдарына ылайык жүргүздү.

"Кылым шамы" коммерциялык эмес уюм (коомдук фонд) катары катталганына карабастан, экономикалык иш жүргүзөт, бул каттоо карточкасы менен тастыкталат. Уюм бирдиктүү салык төлөөчү катары катталган, ошондой эле накталай эмес формада товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу үчүн сатуудан алынуучу салык боюнча отчетторду берет.

Мындан тышкары, салык декларациясында товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн киреше, ошондой эле активдерди сатуудан түшкөн киреше көрсөтүлгөн. Ошентип, салыктык текшерүү жүргүзүүгө тиешелүү негиздер бар.

Текшерүүнүн жүрүшүндө уюмдун киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү документтер суралган."Кылым шамынын" өкүлдөрү белгилеген жеке мүнөздөгү башка эч кандай маалымат суралган эмес. Буга байланыштуу Салык кызматы "Кылым шамы" коомдук фондун катардагы текшерүүдөн саясат жасабоого жана коомчулукту туура эмес маалыматтар менен адаштырбоого чакырат,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Мамлекеттик салык кызматы уюмдун ишмердүүлүгүн кызматташкан адвокаттардын алган акчасына чейин киришип, текшере баштаганын 1-декабрда Фейсбуктагы баракчасына маалымдаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД