Бир айда көмүр саткандарга 20 айып пул салынды

Көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча бир ай ичинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 20 айып пул салган. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Жалпысынан өлкө боюнча 186 иш сапар жүргүзүлүп, түшүндүрүү иштерине 556 субъект камтылып, 390 билдирүү берилген.

"Жалпы мыйзам бузуу боюнча 109 факты аныкталып, алар боюнча кызмат тарабынан мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө токтомдор кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД