
Ноокатта милиция кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын 3-декабрь күнү Ноокат шаарынын мэриясы менен Ноокат шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери майыптар күнүнө карата Ноокат шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 40 жаранга материалдык жардам көрсөтүштү жана мүмкүнчүлүгү чектелген жаш өспүрүмдөр үчүн көңүл ачуучу иш-чара уюштурулду. Мындай иш-чара башка райондордо да өткөрүлдү.