
Өлкөдө оң рулдуу унаалардын катышуусунда жол кырсыктары көп катталууда. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын аймагында бир сутка ичинде 24 жол унаа кырсыктары катталып, 28 жаран ар кайсы жаракаттарды алып, тилекке каршы 1 жаран көз жумган.
Келип чыккан жол унаа кырсыктарынын тең жарымы оң рулдуу транспорт каражаттарынын катышуусунда катталууда.
ЖКККББ оң рулдуу транспорт каражатын башкаруу учурунда , алдыдагы унаадан ашып өтүү жана маневр жасоо учурларында жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.