Президент актер Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна акча которду

Садыр Жапаров актер Азиз Мурадиллаевдин боор алмаштыруу операциясы үчүн $42,000 бөлдү. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

"Президенттин тез реакциясы үчүн чын жүрөктөн рахмат. Бир нече саат мурун мен актер Азиз Мурадиллаевге тез арада жардам берүү өтүнүч менен кайрылдым, бир сааттан кийин сиздин атынан ооруканага 42 миң доллар сумма жөнөтүлдү.

Бизди угуп, таланттуу актёрду сактап калууга кам көргөнүңөр үчүн жана жардам бергениңизге чоң рахмат. Анын ден соолугуна байланыштуу бүт өлкө тынчсызданып жатат", – деп жазган Молдокматова.

Буга чейин Ассоль Молдокматова актёр ооруканада оор абалда экенин жана ага тез арада боорун алмаштыруу операциясы керектигин айткан. Кийин анын дарылануусуна акча чогултуу үчүн атайын эсеп ачылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД