KOICA Ысык-Көлдө мөмө-жемишти кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүн карап көрөт

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов район, шаар жетекчилери менен бирге Түштүк Кореянын KOICA долбоорунун эксперттер тобу менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Ысык-Көл облусунда ири көлөмдө өстүрүлгөн мөмө жемиштер, атап айтсак картошка, абрикос, алма, алмурутту кайра иштетүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Облус башчысы облуста дыйкандар өндүргөн бул мөмө жемиштердин наркы жакшы болбой, эмгектери акталбай, арзан баада сатылып жатканын түшүндүрүп, эгер облуста кайра иштетүүчү ишканалар курулса дыйкандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгиледи.

Ал эми KOICA проектисинин өкүлдөрү облус боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап көрүп, иштешерин белгилешти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД