
Кара-Суу районунда милиция кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 3-декабрь күнү Кара-Суу РИИБдин Отуз-Адыр аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жана райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагында жайгашкан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинде тарбияланып жаткан балдарга материалдык жардам көрсөтүлүп, белектер берилди.
Мындай кайрымдуулук иш-чара башка аймактарда да улантылууда.