
Декабрь айынын 8инен 10уна чейин Бишкек шаарында унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чаралар Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) өтүшүнө байланыштуу көрүлүүдө.
Кортеждер өтүүдө гана унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр төмөнкү жолдордо киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат:
- "Манас" аэропортунан баштап Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектисинен Мамлекеттик резиденцияга чейин;
- Мамлекеттик резиденциядан Д.Садырбаев көчөсү менен "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;
"Урматтуу шаардын жашоочулары жана коноктору!
Иш-чаранын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Жол тыгындарды болтурбоо үчүн жолдо жүрүү эрежелерин жана айдоочулук маданияттуулукту сактоону, транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбоону суранабыз.
Ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка аймактарына учуп кетүүчү жарандарды "Манас" аэропортуна алдын ала келүүсүн суранабыз.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу, жол кыймылынын катышуучулары көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууларына ишеним артат", - деп айтылат маалыматта.